Эртең, 16-сентябрда Бишкекте футбол боюнча өспүрүмдөр курамабыздын катышуусунда Азия чемпиондугунун тандоо туру старт алат. Анда "В" тайпасында футболчуларыбыз Иордания, Непал жана Оман курамаларына каршы турушат. Бул беттеш алдында 16 жашка чейинки футболчулардан түзүлгөн курамдын башкы машыктыруучусу Самат Сүймалиев ой бөлүштү:
"Биз өз үйүбүздө беттеш өткөрүп жатабыз жана чогулган күйөрмандар бизге колдоо көрсөтөрүнө ишенебиз. Жаш футболчулар биринчи жолу өз үйүндө күйөрмандардын алдында ойногону турушат. Бул алардын толкундануусуна алып келет. Ошентсе да биз өзүбүзгө ишенишибиз керек жана өз оюнубузду көрсөткөнгө тийишпиз. Курамабыз 2015-жылдын февраль айында түзүлдү. Бул аралыкта бир топ жумуш аткардык. Эми чечүүчү мезгилде футболчуларыбыз өзүлөрүнө ишениши керек".