Өлкөдө мектепке жашы жете элек балдардын 82 пайызы бала бакчага барбайт. Мындан улам алардын көбүнүн мектепке даярдыгы жок. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда маалымат жыйында билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева билдирди. Министрдин айтымында, бул маселени чечүү үчүн “Наристе” аттуу 480 сааттык окутуу программасы ишке ашырылылууда.
“Ага ылайык, келерки жылы мектепке бара турган 5,5-7 жаштагы балдар сентябрдан май айына чейин атайын окуудан өтүшүүдө. Мындай даярдык программасы ошондой эле жеке бала бакчаларда да өткөрүлөт. Анткени аталган программа менен мектеп программасы айкалышып кетет.
Муну менен катар дагы бир жаңылык, буга чейин менчиктештирилип кеткен бала бакча имараттарынын 72 пайызы мамлекеттин карамагына кайтарылып берилди. Калгандарын кайтаруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле бардык айыл аймактарда 161 жаңы бала бакча ачылды. Ага тиешелүү 360 миллион сом бөлүнгөн”,- деди министр.