"Кыргыз-тажик чек арасындагы "Кара-Мык" тозотунда кызмат өтөп жаткан жеринен дайынсыз жоголгон жоокер өз алдынча аң уулоого кетип калган". Мындай маалыматты бүгүн, Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, аталган кызматтын Ош облусундагы чек ара отряды кызматтык документтерди (чек араны коргоо планын) иликтеп чыгып, жоголгон жоокер Б.Баардинов менен дагы үч жоокер ошол убакытта чек араны кайтаруу нөөмөтүнө турушканын аныктаган. Ошондой эле чек ара отряды алдын ала алынган маалыматтарга таянып, Б.Баардинов кызматта туруп кийик уулоого чыгып кеткенин аныктаган.
Учурда Б.Баардиновду аймактагы капчыгайлардан, ашуулардан, жергиликтүү айылдардан издешүүдө. Бул ишти Мамлекеттик чек ара кызматы, ИИМ, УКМК жергиликтүү тургундар менен биргеликте жүргүзүүдө. Издөө иштеринде МИ-8 тик учагы пайдаланылып жатат.
Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчилиги буга чейин жоокердин дайынсыз жоголушу боюнча ички тергөөнү жүргүзүп, бул фактынын болушуна жол берген Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча Чек ара кызматынын башкармалыгынын жана "Ош" чек ара отрядынын курамын кызматынан бошоткон. Мындан тышкары "Кара-Мык" тозотунда "Ош" чек ара отрядынын жеке курамы толугу менен алмаштырылган. Кызматтарынан бошотулган офицерлер жоокерди издөөгө тартылышкан.
Эске салсак, 25-августта "ЭЛДИК КАБАРга" "Кара-Мык" тозотунда кызмат өтөп жаткан жеринен дайынсыз болуп жаткан жоокерди издөөгө Чоң-Алай районундагы Кара-Тейит айылынын жашоочулары унаалар менен чыгып кетишкенин окурман кабарлаган эле.
Ал аталган тозотто кызмат өтөп жаткан жеринен 23-августта жоголгон. Жоокер 2014-жылы сентябрь айында кызматка чакырылган, бир айдан кийин кызмат өтөө мөөнөтү аяктамак.