Ноябрдын соңуна чейин дем алыш күндөрү Бишкекте жер-жемиштер жарманкеси өтөт

2015-жылдын 27-ноябрына чейин дем алыш күндөрү Бишкекте Октябрь райондук администрациясы тарабынан айыл чарба өндүрүмдөрүнүн жарманкеси уюштурулат. Бул тууралуу 15-сентябрда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Жарманке баш калаадагы №12 жана Асанбай кичи райондорунун Нуркамал-Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде өткөрүлөт.

"Сатып алуучулар менен сатуучуларга ыңгайлуу болуш үчүн контролдук таразалар орнотулган. Бардык катышуучулар жарманкедеги азыктарды сатуу боюнча белгиленген баалар менен камсыздалышат. Баалар базар баасынан 15-20 пайызга төмөн. Октябрь акимчилигинин экономика, соода жана кызмат көрсөтүү тармагы бөлүмүнүн кызматкерлери иш-чаранын уюштурулушун жана санитардык абалын көзөмөлдөшөт. Октябрь районунун ИИБи жана МАИ кызматкерлери коопсуздукту камсыздашат. Жарманкеге Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Талас облустарынын 160тан ашык айыл чарба өндүрүүчүлөрү катышат",- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан