Бүгүн, 16-сентябрда өлкөдө доллардын баасы дагы жогорулады. Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда 1 доллар 70 сом 60 тыйындын тегерегинде сатылып алынып, кайра 70 сом 70 тыйындан 71 сомго чейинки баада сатылууда. 15-сентябрда доллардын баасы бүгүнкүгө салыштырмалуу 80-90 тыйынга төмөн болчу.
Кечээ Улуттук банктын өкүлдөрү журналисттерге валюта курсу боюнча атайын маалымат берип, валюта курсу өзгөрмөлүү режимде болгондуктан, Улуттук банк алдыдагы божомолдорду айта албай турганын белгилешти.
Доллардын баасы бир жылдан ашык убакыттан бери туруктуу абалда сакталбай келет. Буга Орусияга батыш өлкөлөрү жарыялаган санкциялар, экономикалык кырдаал, дүйнөлүк рынокто мунай баасынын кескин төмөндөшү өңдүү факторлор себеп болууда.