Ош шаарына караштуу Алмалык айылында 15 үй жер көчкү жүрүү коркунучу бар жерде турат

Ош шаарына караштуу Алмалык айылында 15 үй жер көчкү жүрүү коркунучу бар жерде экендиги аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалым болгондой, учурда кооптуу аймакта жашаган айыл тургундарына түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлүп, 13 турак жайда жашаган 15 үй-бүлө туугандарынын жана кошуналарынын үйлөрүнө убактылуу көчүрүлдү. "Аталган министрлик тарабынан 10 орундуу 10 даана чатыр бөлүндү жана таза суу менен камсыздоо иштери жүргүзүлдү. Жергиликтүү бийлик жер көчкү коркунучу бар кооптуу аймакта жайгашкан турак үйлөрдүн жашоочуларына коопсуз жерден жер тилкелерин бөлүп берүүнү жана мамлекет тарабынан узак мөөнөткө берилүүчү насыя алуучулардын тизмесине киргизүүнү сунуштады",- деп билдирет мекеме.

Айта кетсек, Алмалык айылында 13-сентябрда саат 21:00 чамасында көлөмү 5 миллион куб метр болгон жер көчкү жүрүп, турак үйлөрдү басып калуу коркунучу пайда болгон. Жер көчкү түшкөн аймакта 22 турак жай жайгашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
admin_portal
2015-09-16 11:35:13
ziiikkk,
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикир, сунуш, суроолор info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан