Чүйдө "Салам, мектеп!" акциясы уюштурулуп, үйүнөн качып кеткен 4 бала табылды

Чүй облусунда “Салам, мектеп!” акциясынын жыйынтыгында үйүнөн жана балдар мекемелеринен качып кеткен 4 бала табылды. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы жарыялады. 

Белгилүү болгондой, иш-чарага Чүй милициясынын 400гө жакын кызматкери, билим берүү, социалдык коргоо, саламаттыкты сактоо жана үй-бүлөнү колдоо органдары катышышты.

"Акциянын алкагында 23 соода-сатык комплекси, 49 мечит, 15 медресе, 19 башка диний мекемелер, 71 интернет-кафе жана оюн клубдары, 16 айыл чарба жана башка 16 жай текшерүүдөн өткөн.

Иш-чаранын жыйынтыгында 20 бала мектепте окубагандыгы аныкталып, алардын 18и билим берүү мекемелерине жөнөтүлгөн. Жалпысынан оор турмуш абалында жүргөн 8 бала, селсаяктык жана тилемчилик кылып жүргөн 3 өспүрүм кармалган. Алардын бешөөсү балдар үйүнө жеткирилген, калгандарына тиешелүү чаралар көрүлгөн",- деп билдиришти Чүй ОИИББинен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kanykey125
2015-09-16 15:15:34
Жакшы жакшы.селсаяк балдар балдар уйуно жибергени жакшы экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан