Чемпиондор Лигасы: Криштиану Роналду 3 гол киргизди, "Манчестер Сити" жана "Манчестер Юнайтед" утулууга мажбур болушту

16-сентябрга караган түнү УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычында алгачкы оюндар болуп өттү. Алгачкы 4 тайпада орун алган оюндарда күтүлбөгөн жыйынтыктар да катталды. Мисалы, Англиянын вице-чемпиону "Манчестер Сити" өз үйүндө "Ювентуска" утулуп, 3 упайдан куру калды. Ошондой эле "Манчестер Юнайтед" конокто ПСВ менен ойноп, эсепти ачкан. Бирок "Кызыл ажыдаарлар" аталган "Юнайтеддин" атаандаштары бир муштумга түйүлүп, 2 гол менен жооп бергенге жетишти. 

Күндүн башкы окуясы катары "Реалдын" чабуулчусу Криштиану Роналдунун украиналык "Шахтёрдун" дарбазасына 3 гол киргизгенин айтсак болот. Оюн 4:0 эсебинде жыйынтыкталды. Роналду муну менен Чемпиондор Лигасынын тарыхындагы мыкты бомбардирге айланды (80 гол). Ал эми анын башкы атаандашы Лионель Мессинин эсебинде 77 гол бар.     

“А” тайпасы

ПСЖ (Франция) – “Мальмё” (Швеция) - 2:0

Голдор: Анхель Ди Мария (4үнөттө). Эдинсон Кавани (61үнөттө).


“Реал” (Испания) - "Шахтёр” (Украина) - 4:0

Голдор: Карим Бензема (30-мүнөттө), Криштиану Роналду (55-мүнөттө, пенальти), Криштиану Роналду (63-мүнөт, пенальти), Криштиану Роналду (81-мүнөттө).

 

“В” тайпасы

“Вольфсбург” (Германия) - ЦСКА (Орусия) - 1:0

Гол: Юлиан Дракслер (40-мүнөттө)


ПСВ (Голландия) – “Манчестер Юнайтед” (Англия) - 2:1

Голдор: Мемфис Депай (41-мүнөттө), Эктор Морено (45-мүнөттө), Лучано Нарсинг (57үнөттө). 


“С” тайпасы

“Галатасарай” (Түркия) – “Атлетико” (Испания) - 0:2

Голдор: Антуан Гризманн (18үнөттө), Антуан Гризманн (25үнөттө).


“Бенфика” (Португалия) – “Астана” (Казакстан) - 2:0

Голдор: Николас Гайтан (51үнөттө), Костас Митроглу (62үнөттө). 


“D” тайпасы

“Манчестер Сити” (Англия) – “Ювентус” (Италия) - 1:2 

Голдор: Жоржо Кьеллини (өз дарбазасына, 57-мүнөттө), Марио Манжукич (70үнөттө), Альваро Мората (81үнөттө).


“Севилья” (Испания) – “Боруссия” (М, Германия) - 3:0

Голдор: Кевин Гамейро (47-мүнөттө, пенальти), Эвер Банега (66-мүнөттө, пенальти), Евгений Коноплянка (84-мүнөттө). 

Чемпиондор Лигасы. 1-тур. Бардык голдор
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Patriot...kg
2015-09-16 12:00:12
Молодес Роналду
0
sher.ella
2015-09-16 12:04:20
Месси чыныгы футболист а Роналдо Озуно гана ишенет Роналдо 83 гол Месси 80 гол
-1
bazarkyl
2015-09-16 12:28:45
Месси Роналдо сыяктуу жылдыздары жок бирок жакшы команда Атлетико Мадридди карап жүрсөңүздөр. Жакшы оюун корсотуп журот.
0
ulik-89
2015-09-16 12:32:53
Hala real madrid
0
malikkkg
2015-09-16 12:50:20
Месси кучтуу оюнчу
-1
chr1s8rown
2015-09-16 14:58:10
ливерпульдун болельшиктери , качан роджерс айдалат? клопп теезиреек келсекен сезонду сактап калыш учун. барыбир отставка роджерса неизбежно . анчелотии -человек результат , бирок ал учун жарым команданы алмаштырыш керек жакшы игрокторго. так что буга генри барбаса керек.
дагы пардью бар , братья де бур.
а мю менен болгон оюн, жон оле олтурду. ловрен менен гомез нафиг чыгарат , мурунку оюнду оба провалили. а морена былтыры кандай сонун баштаган элэ сезонун. бирок физрук 3-5-2 схе
-4
expert.007
2015-09-16 15:00:12
Месси да Роналду дагы мыкты оюнчу.
0
Nur1k_
2015-09-16 17:53:41
Кришти рулиииит да!
0
Adi.Avazbekov
2015-09-16 18:54:41
Красавчик
0
Serenada
2015-09-16 20:01:21
Мадриддик атлетикого ийгилик!
0
Kunbeken
2015-09-17 09:42:34
РОНАЛДУ эн мыкты!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан