Жалал-Абад. "Мекеним менин - Кыргызстан" долбоорунун алкагында окуучулар үчүн Ачык эшиктер күнү өткөрүлдү

Бүгүн, 16-сентябрда Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Октябрь айылында Жалал-Абад ОИИБи уюштурган "Мекеним менин - Кыргызстан" долбоорунун алкагында окуучулар үчүн Ачык эшиктер күнү өткөрүлдү. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти. 

Маалым болгондой, иш-чара Сузак РИИБи, райондук администрация, билим берүү бөлүмү жана жергиликтүү бийлик менен биргеликте өткөрүлдү. Ага 10дон ашык мектептин 1000ге чукул окуучулары катышты.

"Ачык эшиктер күнүн өткөрүүнүн негизги максаты окуучуларды кылмыштуулуктан арылтуу, жаштар арасында достукту, улуттар аралык ынтымакты бекемдөө, мекенге болгон аң-сезимин күчөтүп, билимге болгон ынтызарлыгын өркүндөтүү жана дүйнө таанымын кеңейтүү болуп саналат",- дешти уюштуруучулар.

Айта кетсек, "Мекеним менин - Кыргызстан" долбоорунун алкагында уюштурулган Ачык эшиктер күнү Жалал- Абад облусунун бардык райондорунда жана шаарларында өткөрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан