Жогорку Соттун Судьяларды окутуу борбору "Интеллектуалдык менчик укуктарды бузуу иштери боюнча соттук чечимдерди чыгаруу" аталышындагы эки күндүк семинар өткөрдү. Мындай маалыматты бүгүн, 16-сентябрда Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, семинар 15-16-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында аталган борбордо донорлордун колдоосу менен уюштурулду. Семинардын ишине Кыргыз Республикасынын 25 судьясы катышты. Аларды аталган маселе боюнча керектүү юридикалык маалыматтар менен Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун төрайымы Гүлжан Есеналиева, чет өлкөлүк эки судья Филип Про жана Шармиан Клакстон тааныштырышты.