Фейсбуктун негиздөөчүсү, миллиардер Марк Цукерберг иштеген жерин дүйнөгө көрсөттү

Интернеттеги "Фейсбук" аталышындагы эң ири социалдык тармагынын негиздөөчүсү Марк Цукерберг түз эфирде компаниянын жаңы кеңсесин көрсөтүп, жумуш ордуна экскурсия жасады. Анын жүрүшүндө Цукерберг компания жаңы кеңсеге эки ай мурун көчкөнүн айтып берди.

Видеодо Фейсбуктун кеңсесинде кызматкерлер өз-өзүнчө иш бөлмөлөрүндө эмес, баары чогуу кенен жайда иштешкени көрүнөт. Алардын ортолорунда дубалдар жок болгондуктан, ким эмне кылып жатканын көрө алышат жана бири-бири менен ачык сүйлөшө алышат. Цукербергдин айтымында, мындай шартта иштөө команда үчүн жаңы идеялар менен алмашууга жакшы жардам берет. Ошондой эле ал өзүнүн иштеген жайын көрсөттү. Анын столу башка кызматкерлердикинен айырмаланбаганы көрүнөт.

Айта кетсек, "Форбстун" версиясы боюнча Марк Цукерберг 33,4 миллиард долларга ээ болуп, дүйнөнүн маалыматтык технологиялар тармагындагы эң бай ишкерлердин рейтингинде 4-орунда турат.

Миллиардер Марк Цукербергдин иштеген жери
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
M89
2015-09-16 15:52:35
Родился 14 мая 1984 года в городе Уайт-Плейнс (штат Нью-Йорк), что в нескольких километрах к северу от города Нью-Йорка, в еврейской семье. Отец — стоматолог Эдвард Цукерберг (по состоянию на 2012 год продолжал практику). Мать — психиатр Карен Цукерберг. Был 2-м ребёнком и единственным мальчиком из 4-х детей в семье; его сёстры — Рэнди (старшая), Донна и Ариэль.
0
admin_portal
2015-09-16 16:09:50
M89, саламатсызбы!
Кыргыз тилинде жазууну сунуштайбыз.
+7
football1
2015-09-16 16:31:04
Москвадагы складдарга окшоп кетет экен
+1
bolotbai
2015-09-16 16:35:19
Миллиардер болгондо 785 миллиард доллары барбы ошондо.Точно суммасын да биротоло жазып койсо жакшы болмок.
-1
admin_media
2015-09-16 16:49:28
bolotbai, саламатсызбы!
Кабардын акыркы бөлүгүндө сизди кызыктырган маалымат жазылган.
0
tursunbaev2004
2015-09-16 21:19:03
bolotbai,33,4 миллиард деп туратко,Форбста 1 орунда турган адамда дагы жок анча акча,аз жерден триллионер кылып салдынго
0
Deniza88
2015-09-16 18:05:51
Жигит Азамат экен Анда
0
marmiladka9
2015-09-16 23:31:55
Бизде да ушундай мыкты жигиттер кобойсун!
0
akyn-jurogu
2015-09-17 11:03:40
Эй байболгур андан коро келип Кыргызстандын тышкы карызын толоп койсон, аябай жакшы иш кылган болот элен)))
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан