Бишкек шаарында балдар үчүн дагы бир жаңы оюн аянтчасы ачылды. Муну бүгүн, 16-сентябрда мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, жаңы аянтча Ленин районунун Термечиков көчөсүндөгү №8, №10-үйлөрдүн короосунда жайгашкан. Салтанаттуу иш-чарага мэриянын жетекчилиги, шаардык кеңештин депутаттары, жергиликтүү тургундар, балдар жана алардын ата-энелери катышышты.
Айта кетсек, борбор калаага жалпысынан 12 аянтча куруу пландалган. Учурда 11и ишке берилди.