15-сентябрь күнү эртең менен Чоң-Алай аймагындагы кыргыз-кытай чек арасына жакын жерде кытайлык жарандын 19 топозу оттоп жүрүп кыргыз өлкөсүнүн аймагына өтүп кеткен. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз бөлүмүнөн билдиришти.
Маалым болгондой, "Эркеч-Там" чек ара тозотунун жоокерлери тарабынан топоздор чек арадагы Тагачар ашуусунан табылып, ошол эле күнү кечинде эки мамлекеттин чек ара өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүп, топоздорду кайтарып беришкен.