Бишкекте "Абайлагыла! Балдар!" аттуу унаа жүрүшү өттү

Бүгүн, 16-сентябрда Бишкекте Жол-кайгуул кызматы "Абайлагыла! Балдар!" аттуу унаа жүрүшүн өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Иш-чаранын башкы максаты балдардын катышуусу менен болгон жол кырсыктарын азайтуу, окуучуларга жол эрежелерин сактоону үйрөтүү болуп саналат.    

Статистикалык маалыматтар боюнча, ушул жылдын 8 айында өлкөдө балдардын катышуусу менен 920 жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 64 бала каза болуп, 1068и ар кандай жаракаттарды алышкан. 2014-жылга салыштырмалуу балдардын катышуусундагы жол кырсыгы 1 пайызга азайган, ал эми каза болгон балдардын саны 19 пайызга аз.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан