Футбол. Иорданиянын жана Непалдын машыктыруучулары оюн тууралуу ой бөлүштү

Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо бүгүн, 16-сентябрда футбол боюнча 4 мамлекеттин өспүрүмдөр командаларынын катышуусунда мелдеш старт алды. Анда алгачкы оюнда Непал менен Иордания курамалары кез келип, оюн 2:1 эсебинде жыйынтыкталды. Оюн аяктаган соң аталган командалардын машыктыруучулары ой бөлүштү. 

Абдуллах Кутати, Иорданиянын машыктыруучусу: 
- Биздин оюнчулар башкы 20 мүнөттө чабуулга чыгып, бир топ аракет кылышты. Бирок гол киргизе албаганыбыз биздин оюнчуларды бир топ түйшөлттү. Мындан улам алар баштапкы калыптагы оюндан жазып, ката кетире башташты. Непал ылдам ойноду жана каршы чабуулдарды мыкты уюштуруп жатты. Биздин оюнчулар эсепти теңөө аракетин көрүп жатып бир топ чарчап калышты. Мен Непал командасын куттуктайм. 

Упендра Ман Синха, Непалдын машыктыруучусу: 
- Иорданиянын командасы мыкты экенин биз башында эле билгенбиз. Ошол себептүү бул командадан сестенип, башкы 20-30 мүнөттү коргонууда өткөрүүнү пландаган элек. Бул убакыт ичинде атаандаштардын оюнун изилдегенге жетиштик жана чабуулга өттүк. Бүгүн атаандаштар катуу ойношту. Менин 3-4 оюнчум жаракат алып калды. Биз кыргыз өлкөсүнүн футболчуларына каршы ушундай эле маанайда чыгып, уткубуз келет. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Mars55
2015-09-16 19:44:41
биздин балдарга ийгилик
0
mamashov-emil
2015-09-16 20:59:13
kyrgyzstan menen oman komandalaryn tekstovyi online korsok bolobu, super bizge 1 taimdyn jyiyntygyn aitynyzdarchy suranych koro albai jatabyz
0
tynys88
2015-09-16 21:02:34
Буйурса утабыз
+1
universal
2015-09-16 22:14:17
0:2 утулду
0
aikol87
2015-09-16 22:20:07
universal,кой э чындаппы.(((
0
aikol87
2015-09-16 22:20:38
Женет деп эле ойлоп аткам.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан