Бүгүн, 16-сентябрда Бишкекте футбол боюнча өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпиондугунун тандоо туру старт алды. "В" тайпасында жүрүп жаткан күрөштүн 1-турунда кыргыз футболчулары Оман курамасы менен беттешип, 2:0 эсебинде утулуп калышты.
Беттештин башында омандыктар ылдам гол киргизип, эсеп катыштыгында алдыга чыгышты. Көп өтпөй биздин футболчулар экинчи голду өткөрүп алышты. Андан соң кыргыз футболчулары чабуулда көп убакыт өткөрүп, гол киргизүү аракетин көрүп жатышты. Бирок 2 гол киргизип алган Оман коргонууда мыкты ойноп, биздикилерге жыйынтыктоочу сокку узатуу мүмкүнчүлүгүн беришкен жок.
Кошумчалай кетсек, бул тайпада орун алган алгачкы беттеште Непал курамасы Иорданияны
2:1 эсебинде утуп алган. Учурдагы мелдеш жадыбалындагы абал төмөнкүдөй:
ОРУН
|
КОМАНДА
|
ОЮН
|
УПАЙ
|
1
|
Оман
|
1
|
3
|
2
|
Непал
|
1
|
3
|
3
|
Иордания
|
1
|
0
|
4
|
Кыргыз Республикасы
|
1
|
0
|