Бүгүн, 16-сентябрда Бишкекте футбол боюнча өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпиондугунун тандоо туру старт алды. "В" тайпасында жүрүп жаткан күрөштүн 1-турунда кыргыз футболчулары Оман курамасына каршы туруп,
2:0 эсебинде утулуп калышты. Оюндан кийин курамдардын башкы машыктыруучулары оюн тууралуу ойлорун ортого салышты.
Кыргыз мамлекетинин өспүрүмдөр курамасынын машыктыруучусу Самат Сүймалиев төмөнкүлөргө токтолду:
"Биринчи кезекте келип берген күйөрмандарга ыраазычылык билдирем. Биздин футболчулар өз үйүбүздө өз күйөрмандарыбыздын алдында биринчи жолу ойноп жатышат. Күйөрмандардын көптүгү биздин футболчуларга ишеним жана шык берди. Биздин оюнчулар мүмкүнчүлүк түзүп жатышты, бирок аны голго айландырууда бир топ шашып, жаңылып калып жатышты. Оман курамасы деңгээли боюнча бизден жогору турат деген ойдо эмесмин. Бизде азыр маанай жакшы жана кийинки оюн тууралуу ойлонуп баштадык. Биз азыр кийинки баскычка чыгарыбызга ишенебиз".