Бүгүн, 16-сентябрда Бишкекте футбол боюнча өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпиондугунун тандоо туру старт алды. Анда Оман курамасы кыргыз футболчуларын
2:0 эсебинде утуп алды. 3 упайга ээ болгон Омандын курамасынын машыктыруучусу
Йакуб Саид Саиф аль-Сабахи оюндан кийин кыргыз футболчуларын мактады жана ийгилик каалады.
"Мен 2 жыл мурун Бишкекке машыктыруучу катары келип, бул жерде өткөн мелдешке катышкам. Андагы курам менен азыркы курамда чоң айырма бар экен. Кыргыз футболчулары бүгүн жакшы ойношту. Бул команданын жана машыктыруучунун келечеги бар экенине ишенем.
Биз 2 гол киргизип алган соң, коргонууда мыкты ойнодук. Биз өз мүмкүнчүлүктөрүбүздү туура пайдаланганыбыз үчүн жеңишке жетиштик.
Кыргыз футболчуларына ийгилик каалайм, кийинки оюндарда сөзсүз ийгилик болсун!"- дейт Омандын машыктыруучусу.