Кечээ, 16-сентябрда Бишкекте жана Кант шаарында футбол боюнча өлкө чемпиондугу - ТОП-Лиганын кезектеги оюндары орун алды. Бишкекте "Алга" клубу Ош шаарынын "Алай" клубун кабыл алды. Беттеш 0:1 эсебинде коноктордун пайдасына аяктап, "Алай" 3 упайга ээ болду. Аталган клуб муну менен чемпиондук жарыштагы жүрүшүн дагы да болсо улантып бара жатат.
Ал эми Канттагы оюнда "Абдыш-Ата" клубу "Кейжи Юнайтедди" 3:0 эсебинде утту. Бул оюн медаль үчүн күрөшүп жаткан "Абдыш-Ата" үчүн маанилүү болчу. Клуб 3 упай алды жана мелдеш жадыбалында 3-орунга жайгашты.
*
