Айта кетсек, Чүй облусундагы Аламүдүн районунун 1966-жылкы тургуну 2013-жылы туулган баласын тарбиялайм деп сабаган. Катуу сабалган наристе эс-учун жоготуп койгон. Андан кийин №3-балдар ооруканасына жеткирилип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Окуядан кийин баланын атасы качып кетүүгө аракет жасаган, бирок милиция кызматкерлери аны алыс качырбай кармап калышкан. Учурда ал соттун чечими менен камакка алынып, ага Кылмыш жана жаза кодексинин 104-беренеси (саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголду.