Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында жана Кадамжай районунда жардамга муктаж адамдар үчүн убактылуу жашап турууга мүмкүн болгон эки борбор ачылат. Бул тууралуу бүгүн, 17-сентябрда Социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, аталган мекеме быйыл бейөкмөт уюмдарга грант катары 22,5 миллион сом бөлүп берген. Мамлекеттик социалдык буйрутманын алкагында 71 долбоор каралып, алардын арасынан көз карандысыз комиссия каржылоого 36сын тандап алган. Ошондой эле бюджеттик каражаттын эсебинен жашоонун кыйынчылыгына учураган, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам көрсөтө турган өткөн жылы ачылган 7 борборго кам көрүлөт.
Муну менен катар социалдык ишкердик боюнча бир катар долбоорлор каржыланган. Алардын арасында Нарын облусунун Жумгал районунда тигилген буюмдарды чыгаруу жана оңдоп-түзөө, компьютердик көндүмдөргө окутуу, Бишкек шаарында тигүү ишмердүүлүгүнө үйрөтүү жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген айымдардын ишкердигин өнүктүрүү бар.