Футбол боюнча Бразилиянын легендарлуу күйөрманы, 7 Дүйнө чемпиондугунда команданы мелдеш өткөн өлкөгө барып колдоп жүргөн Кловис Фернандес көз жумду. Ал 60 жаш курагында рактан улам каза тапканын чет элдик маалымат булактары кабарлады.
Фернандес алгачкы жолу Дүйнө чемпиондугуна 1990-жылы жандуу күбө болгон. Бул жылдар аралыгында ал команданы Америка Кубогунда, Конфедерация Кубогунда жана Олимпиада оюндарында да колдоп келген. Жалпысынан ал командага күйөрмандык кылуу менен катар дүйнөнүн 60 өлкөсүндө болгон жана 150дөн ашык оюнга жандуу күбө болгон.
2014-жылы Бразилияда өткөн Дүйнө чемпиондугунда да ал Бразилия курамасынын чыгаан күйөрманы катары таанылган. Бразилиялыктар Германия курамасына 7:1 эсебинде утулганда ал Дүйнө чемпиондугунун көчүрмөсүн германиялык күйөрмандарга тапшырган.