Сузакта окуучулар арасында кылмыштуулукту азайтуу, достукту чыңдоо максатында иш-чара өткөрүлдү

Кечээ, 16-сентябрда Сузак районунун Октябрь айылында Жалал-Абад ОИИБи уюштуруп келген “Мекеним менин - Кыргызстан” долбоорунун алкагында мектеп окуучулары үчүн Ачык эшик күнү өткөрүлдү. Иш-чарага 10дон ашык мектептин 1000ге чукул окуучулары катышты.

Жалал-Абад ОИИБинен кабарлашкандай, Ачык эшик күнүн өткөрүүнүн негизги максаты - окуучуларды кылмыштуулуктан арылтуу, жаштар арасында достукту, улуттар аралык ынтымакты бекемдөө, мекенге болгон сүйүүнү күчөтүп, окуучулардын билимге болгон кызыгуусун өркүндөтүү жана дүйнө таанымын кеңейтүү. 

Бул күнү окуучулар ички иштер органдары колдонгон курал-жарактар менен жакындан таанышышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bolotbai
2015-09-17 15:15:53
Биометриканы кайдан отсо болот эми?Ото элек адамдар коп экенбиз Кадамжайда.Акимиат,почта,мэрияга барсак кечээ жыйнап кетти дейт биометриканы.Эми отбой калабызбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан