Машыктыруучу Тажикстан жана Бангладешке каршы оюнга карата кеңейтилген курамга 32 футболчуну чакырды

Футбол боюнча Улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин кеңейтилген курамга 32 футболчуну чакырды. 23 футболчудан турган негизги курам машыгуу сборунун жыйынтыгында бекитилет. 

Кошумчалай кетсек, Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда Кыргыз Республикасынын курамасы 8-октябрда Тажикстан менен, 13-октябрда Бангладеш менен беттешет. Эки беттеш тең Бишкекте орун алат. 
Курам төмөнкүчө: 

Дарбазачылар: Матяш Павел ("Maziya Sports" клубу, Мальдив аралдары), Кашуба Валерий ("Худжанд", Тажикстан), Агапов Максим, Зинченко Максим ("Дордой"), Амиров Руслан ("Алга").

 

Коргоочулар: Самсалиев Талант, Тего Дениэл, Ажиниязов Марат, Шакиров Шерзот, Шератов Курсан, Байматов Азамат (баары "Дордой"), Алимов Ильяз ("Алай"), Кичин Валерий ("Тюмень", Орусия), Козубаев Тамирлан ("Гранитас", Литва), Майер Виктор ("SV Meppen", Германия), Умаров Акрам ("Абдыш-Ата"), Юсупов Мустафа ("Ала-Тоо").

 

Жарым коргоочулар: Бернхард Эдгар (“Prachuap”, Таиланд), Землянухин Антон ("Раднички" Сербия), Дүйшөбеков Бахтияр, Мусабеков Фархат (экөө тең "Абдыш-Ата"), Амиров Ильдар, Рустамов Турсунали, Сидоренко Павел (баары "Алга"), Сыдыков Азиз, Жыргалбек уулу Кайрат, Харченко Вадим, Шамшиев Ислам (баары "Дордой").

 

Чабуулчулар: Виталий Люкс ("Нюрнберг-2", Германия), Мирзалиев Алмаз, Тетте Дэвид (баары "Дордой"), Мурзаев Мирлан (“Afjet Afyonspor”, Түркия), Филатов Иван ("Алга"). 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Serenada
2015-09-17 16:01:48
Состав зор только ойнош керек,жигиттер алга!
+1
aravan
2015-09-17 16:36:58
alga kyrgyz alga
+1
kadamjai90
2015-09-17 17:45:31
Тажигистандан келген бараталис жакшы ойнобойт экен башкасын койгула. Простой топторду откозуп жиберди. Австралия менен ойногондо.
0
Mars55
2015-09-17 19:07:16
kadamjai90, туура жазышты уйронолу.
0
make2
2015-09-17 19:33:19
Mars55. жазышты деген сөздүн мааниси башка, туура жазганды үйрөнөлү.
+1
Mars55
2015-09-17 20:11:51
make2, жазышты деген туура эле
-3
manas93kg
2015-09-17 20:02:27
Орусча жазгыла кыргызча тушунбойт
-1
ILYAS181296
2015-09-18 18:25:02
Mirlan Murzaev kyrgyzby tuugandar?
0
Patriot...kg
2015-09-18 22:31:57
Оа кыргыз
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан