Бишкекте мушташта бычактан жаракат алган мектеп окуучуларына операция жасалды

Бишкекте мектеп окуучуларынын ортосунда чыккан мушташта бычактан жаракат алган 3 балага операция жасалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-сентябрда SUPER.KG порталына №3-ооруканадан билдиришти. 
Маалыматка ылайык, учурда алардын абалы туруктуу. Ооруканада жабырлануучулар медициналык жардам алышууда.
Айта кетсек, 16-сентябрда саат 21:30 чамасында милицияга Бишкек шаарынын Аламүдүн-1 кичи районунда жайгашкан №38-орто мектебинин жанында топтошкон балдардын ортосунда мушташ болгону боюнча маалымат түшкөн. Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барганда, ал жерден ар кандай жаракат алган 1999-жылы туулган Ө.Ю. жана 1999-жылы туулган Ө.Д. аттуу окуучулар "Тез жардам" менен №3-ооруканага жеткирилишкен. Жалпысынан бул мушташта 6 бала ар кандай деңгээлдеги жаракат алган. Алардын үчөөсү бычактан жабыркаган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
dav312
2015-09-17 18:08:03
Бишкек шаарында эле эмес бир топ региондордо да мушташуулар болуп коптогон балдар жабыркаган акырнкы 1 жыличинде бул токтомуш болду эле эми кайра дабашталды
+3
kilim
2015-09-17 19:11:20
окуучуларга уйдон кантрол жок же мектептен жок млицсия деген мугалимдер менен тыгыз иштеш керек ошондо жакшы болотго
+3
dasta
2015-09-17 19:37:30
бешиктен бели чыга елек балдар ушинтип жатса чондор кайака барат
+1
topchievMaKsAtBeK
2015-09-18 01:06:55
dasta, Тескерисинче айтсан окшомок
Чондорубуз минтип журсо жаш атуулдарыбыз кайжака бармак деп
+2
kamuke_72
2015-09-18 00:10:49
Мындай нерсе тээ башынан эле бар жана эч ким туп тамырынан токтото албаса керек.себеби мындай куракта мектепте барыбыз эле мушташ,уруш менен эле чонойгонбуз,далай баш,коздор жарылган.Бирок милийсалар мектепке 1жумада 1жолу жон эле келип кетип турса,балдар бир аз "кокуй кой,милийса келип калыптыр,бир балее болгон го"дешип карманып,тыйылмак.
+3
nura.177
2015-09-18 00:42:54
kamuke_72, мурдатанго болуп келген, бирок балдар азыркыдай бычак кармашпайт эледа. Ата эне,мектеп, милиция чогуу иштебесе ,бул азайбайтко.
+2
mer88
2015-09-18 00:56:12
Ошого жеткирди тиги инкубаторскийлеер анан сайып таштады
0
moskyrsat
2015-09-18 03:27:49
Деда в шина да бул . Бул нерсе мурунттан болуп келген и дальше боло берет . Ит уро берет, Кербен журо берет!
-3
aikokul14
2015-09-18 14:32:12
moskyrsat, тооба орусчаны билсен жазчы,дедовщина дегенди не балээ деп салгансын.
+1
aiposha
2015-09-18 15:38:31
бул жагын деле, тигил жагын деле окусан баары эле кылмыш" деги качан онолобуз..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан