АКШда жашап, машыгып келген кыргыз мушкери Урмат Рыскелдиев карьерасындагы 7-профессионалдык беттешин 19-сентябрда өткөрөт. Беттеш Лос-Анжелес шаарында өтөт жана Урматтын атаандашы кубалык Усмани Абру болмокчу. Мушкердин жакындары кабарлагандай, 69 килограмм салмак ченинде уюшулуп жаткан беттеш 6 раундга созулат.
Кошумчалай кетсек, Урмат карьерасында 6 профессионалдык беттеш өткөрүп, 5 ирет жеңүүчү аталган. Бир беттеште тең чыгуу катталган.