Чынберди Төлөнов Ош аэропортунун айланасы темир тор менен кооптуу жагдайлардан улам тосулганын айтты

Ош аэропортунун директорунун орун басары Чынберди Төлөнов SUPER.KG'ге байланышка чыгып, аэропорттун айланасы темир тор менен эмне себептен тосулганын түшүндүрдү. Төлөнов буга соңку учурларда болуп келген окуялар түрткү болгонун айтат. "Биз аэропорттун жана элдин коопсуздугун ойлоп айлананы тосууга аргасыз болдук. Азыр Сирия жана башка айрым мамлекеттерде террордук аракеттер болуп жаткандыктан, коопсуздук керек. Ал эми имарат сыртында элдин кирип-чыгуусун көзөмөлдөөчү өткөрмө жайы бар, андан текшерилип киришет. Кирбегендер үчүн деп темир тордун сыртына атайын жайларды даярдап койгонбуз. Жакында ал жер дагы оңдоодон өтөт",- деди Төлөнов.

Буга чейин окурмандар Whatsapp аркылуу SUPER.KG'ге байланышка чыгышып: "Ош аэропортунда милиция жолду жаап, элди ичкери киргизбей жатат. Милиция эмне себептен улам киргизбей жатканын түшүндүргөн жок",- деп кайрылышканы SUPER.KG'ге жарыяланган эле.
Айта кетсек, 2014-жылдын 27-декабрында аталган аэропорттун ичинде карактоо фактысы катталган. Анда Ош аэропортунун VIP-залынан куралчан белгисиз бирөөлөр жарандарды коркутуп, ичинде 5,6 миллиондон ашык доллар акчасы бар 4 баштыкты көтөрүп кетишкен. 1 айдан соң алар Бишкектен колго түшүрүлүшкөн эле.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
1982bek
2015-09-18 11:10:50
Эн туура чечим.Элдердин коопсуздугу,жургунчулорго ынгайлуулук жаралды.Мурун бир топ эле ынгайсыз болчу.
+3
mikasa2
2015-09-18 11:24:32
Эми таксисттерди жонго салгыла, уяласын коноктор менен келгенде. Жолды жаап алышат
0
marmiladka9
2015-09-18 14:12:44
Азамат!!!!!
Негизи Ош аэропорту озгоруп жатат. дагы да ийгиликтер болсун.
+1
Nur1k_
2015-09-18 18:29:28
КРнын өнүгүшүнөн кабар берет))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан