Олимпиадалык резервдин республикалык окуу жайынын жана №38-орто мектебинин окуучуларынын ортосундагы мушташуу боюнча Билим берүү жана илим министрлиги билдирүү жасады. Ага ылайык, тиешелүү мекемелерге тапшырмалар берилди.
"Өлкөдөгү ар бир окуу жайында тартипти көзөмөлдөө күчөтүлөт, мектептердин жетекчилиги, мугалимдер окуучулардын ата-энелери, социалдык педагогдор жана милиционерлер менен бирге тарбиялоо боюнча жыйындарды өткөрүшөт. Мындан тышкары массалык мушташуулардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлөт",- деп жазылат билдирүүдө.
Билим берүү жана илим министрлиги Социалдык өнүгүү министрлиги жана Ички иштер министрлиги менен биргеликте мектептерде кыйноолор менен күрөшүүнү күчөтүү зарылчылыгын баса белгиледи.
Эскерте кетсек, 16-сентябрда саат 21:30 чамасында Бишкек шаарынын Аламүдүн-1 кичи районунда Олимпиадалык резервдин республикалык окуу жайынын жана №38-орто мектебинин окуучуларынын ортосунда бычак колдонуу менен мушташ болгон. Андан улам 6 бала жабыркаган. Бычактан жаракат алган окуучуларга кечээ операция жасалган. Учурда алардын абалы канааттандырарлык.