Кыргыз дзюдочулары Ташкентте өтчү мелдешке катышып, Олимпиадага жолдомо алуу аракетин көрүшөт

30-сентябрдан 4-октябрга чейин Өзбекстанда Ташкент Гран-приси үчүн мелдеш өтөт. Бул мелдеште спортчулар Рио-де-Жанейро Олимпиадасына жолдомо алуу үчүн упай топтошот.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, анда мамлекетибиздин желеги астында 6 спортчу татамиге чыгат. Спортчулардын мелдешке карата чыгымдарын жабуу үчүн Олимпиадалык спорт дирекциясынын бюджетинен 315 миң сом бөлүндү.

Өлкө намысын Отар Бестаев, Владимир Золоев, Бектур Рысмамбетов, Чыңгыз Мамедов, Юрий Краковецкий, Болот Токтогонов сыяктуу спортчулар коргошот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан