Бишкекте оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Патрис Лумумба көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат. Бул тууралуу бүгүн, 18-сентябрда Капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, 19-сентябрдан тарта Патрис Лумумба көчөсү айдоочулар үчүн Дэн Сяопин көчөсүнөн Профсоюз көчөсүнө чейин реконструкция маалына байланыштуу убактылуу тосулат.
Бишкек шаарынын мэриясы айдоочулардан келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, унаа тыгындарынын пайда болбошу үчүн алдын ала альтернативдик маршрутту тандоону сунуштайт.