Бишкектин аймагында 11 899 турак жайда текшерүүлөр жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 18-сентябрда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чаралардын жүрүшүндө чет өлкөдө эмгектенген кыргыз мигранттарынын үй-бүлөлөрүнөн 1283 бала табылды. Алардын ичинен 133 бала документи жок, туугандарынын үйүндө жашаганы аныкталды. Бул балдардын 28и камкордукка алынды, 8 бала убактылуу камкордукка алынды. Мындан тышкары 55 бала Реабилитациялоо борборлоруна жеткирилди. Ошондой эле 11 иштеген жана 5 окубаган өспүрүм табылып, 103 баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок экени аныкталды.