Өспүрүмдөр мелдеши: Иордания курамасы Оманды утуп, кыргыз футболчуларына мүмкүнчүлүк тартуулады

Бишкекте футбол боюнча өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпиондугунун тандоо туру уланууда. Бүгүн, 18-сентябрда "В" тайпасында алгачкы оюнун уттуруп жиберген Иордания курамасы Оман менен беттешти. Командалар 80 мүнөт ичинде бир топ мүмкүнчүлүк түзүшкөнү менен, күйөрмандар гол көрө алышкан жок. Оюндун акыркы мүнөттөрүндө Иордания курамасы 1 мүнөт ичинде гол жаратып, 3 упайга ээ болду. 
Кошумчалай кетсек, бул беттештин жыйынтыгында тайпада кыргыз футболчуларынан тышкары бардык командалар үчтөн упайга ээ болуп турат. Эгер бүгүн саат 20:00дө кыргыз футболчулары Непалды утушса, тайпада бардык командалардын эсебинде бирдей упай болот. Ошол себептүү кийинки баскычка чыга турган командалар 3-турда гана белгилүү болот.  

Мелдеш жадыбалы: 

ОРУН

КОМАНДА

ОЮН

УПАЙ

1

Оман

2

3

2

Иордания

2

3

3

Непал

1

3

4

Кыргыз Республикасы

1

0

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
uran98
2015-09-18 19:19:53
Iigilik dostorum
0
ILYAS181296
2015-09-18 22:31:28
Kyrgyzstan Nepaldan 2:4 esebinde utulup kaldy mekendewter...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан