Спортчу Дарья Маслова "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына жолдомо алды

Учурда Ташкент шаарында жеңил атлетика боюнча Өзбекстандын Ачык биринчилиги өтүп жатат. Мелдешке кыргыз спортчуларынан жеңил атлет Дарья Маслова катышкан. Ал 10 чакырымга чуркоо боюнча күчүн сынап, бул аралыкты 32 мүнөт 14 секундада басып өтүү менен 2-орунду ээледи. 1-орунду ээлеген өзбек кызы мара сызыгын 32 мүнөт 12 секундада басып өттү. Муну менен спортчулар Олимпиада жолдомосунун нормативин толтура алышты. 

Кошумчалай кетсек, буга чейин кыргыз спортчуларынан жөө күлүк Юлия Андреева жана балбан Арсен Эралиев Олимпиадага жолдомо алган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Sadyrov_n93
2015-09-18 23:15:01
Урраа,учунчу жолдомо.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан