Өспүрүм футболчуларыбыз Непалды 2:0 эсебинде утуп жатышып, 4:2 эсебинде утулушту жана Азия чемпиондугуна барбай калышты (фоторепортаж)

Бишкекте футбол боюнча өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпиондугунун тандоо туру уланууда. Кыргыз футболчулары бүгүн, 18-сентябрда Непал курамасына каршы туруп, 4:2 эсебинде утулуп калышты. Беттештин 1-таймында 2 команда тең арты-артынан чабуул уюштуруп, дарбазага соккуларды узатып жатты. Бул тайм кыргыз футболчулары үчүн ийгиликтүү болуп, биздикилер 2 гол киргизгенге жетишти. Алгач 27-мүнөттө Гүлжигит Бөрүбаев айып соккусун голго айландырды. 5 мүнөттөн кийин Эмир Шигайбаев пенальтини таамай багыттап, оюн эсебин 2:0гө айландырды. Бирок 2-таймда атаандаштар майданда өз мүнөзүн көргөзүп, 4 гол киргизишти. Бул таймда Кыргыз Республикасынын курамасынын капитаны Азамат Мелисбековдун кызыл айып кагазын алып, майдандан четтетилгени атаандаштардын ири эсепте утуусуна алып келди. 
Футболчуларыбыздын алгачкы беттеште Оманга утулуп калышканын (2:0 эсебинде) эске алсак, бул жеңилүү биздин кураманы Азия чемпиондугуна жолдомо алуу мүмкүнчүлүгүнөн толук ажыратты. Себеби 2016-жылы Индияда өтө турган Азия чемпиондугунун финалдык баскычына тайпада 1-орунду алган команда жолдомо алат. Кыргыз Республикасынын курамасы жайгашкан "В" тайпасында учурда 3 команда үчтөн упайга ээ. Биздин курам гана 2 оюнда упай топтой алган жок. 
Мелдеш жадыбалы: 

ОРУН

КОМАНДА

ОЮН

УПАЙ

1

Непал

2

6

2

Оман

2

3

3

Иордания

2

3

4

Кыргыз Республикасы

2

0

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
jindijigit
2015-09-18 23:49:35
Окунучтууу.Топ тоголок мунусунда болбосо кийинкисинде болот.
0
Truelensk
2015-09-19 00:22:01
Айла жок.
0
sher.ella
2015-09-19 00:41:51
Окуунучтуу
0
mamashov-emil
2015-09-19 00:52:49
озунордун уйундо ушундай оюн корсоткон, топ тоголок болгондо жок дегенде бироосун утуш керек болчу, кечеле озбек казактарды утуп ушулардан утулган
0
Ruslan_d
2015-09-19 00:54:28
тринерин алмаштырыш керек жакшы тактика тузо алган эмес!
0
aikol87
2015-09-19 15:07:31
Ruslan_d,булар жакында тузулгон курам.азырынча тажырыйба топтой элек.Сразу эле Тренерди алмаштырып,куноолой койгон мумкун эмес.
0
ILYAS181296
2015-09-19 01:01:39
Birok en mykty oinowtu azamattar, jaraisynar jigitter...
-1
MAN-CITY
2015-09-19 05:44:44
Эч нерсе эмес, бугун утулду эртен утат, келечекте коп оюндар болот дагы, мындай ситуацияда коп эле атактуу командаларда болгон. Балдарды психологиялык жагынан жакшы даярдаган эмес болгону
0
Rashinboy
2015-09-19 08:52:10
Туй ата! Оз уйундо утулуп калат деген эмне тамтык.. Уят.
-1
topchievMaKsAtBeK
2015-09-19 09:01:12
Биздин курамалар утушуна коп жыл бар тиринерлердин кучтуусун табып футболго жакшы конул буруу керек
0
SRT
2015-09-19 13:32:09
topchievMaKsAtBeK, ТРЕНЕР же МАШЫКТЫРУУЧУ
0
SHAHDAR
2015-09-19 09:48:20
2-0 утуп жатып, 2-4 утулуп калды деп жазганыбыз туура болот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан