18-сентябрда Азия чемпиондугунун тандоо турунда "В" тайпасында Непал өспүрүмдөр курамасы менен кыргыз футболчулары кез келишти. Беттештин 1-таймы 2:0 эсебинде кыргыз футболчуларынын үстөмдүгү астында аяктаган. 2-таймда болсо Непалдын футболчулары 4 гол жаратып, биздин курамдын кийинки баскычка чыгуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарышты.
Бул оюн боюнча Непалдын машыктыруучусу
Упендра Ман Синха өз оюн айтты: "Ооба, алгачкы 45 мүнөттүктө эки командада тең көп мүмкүнчүлүктөр болду. Биз биринчи болуп гол жаратууну пландаганбыз, бирок кыргыз футболчулары 2 гол киргизип кетишти. 15 мүнөттүк эс алууга чыкканда футболчуларга айттым, "Кыргыздар 45 мүнөттө 2 гол киргизишти, биз эмнеге анте албайбыз?" деп. Балдар катуу көңүлдөнүп чыгышкан жана аягында жеңип чыктык.
Негизи, биз 2 гол киргизгенде кыргыз футболчуларынын шок абалына түшүп калышканын байкадым. Албетте, алар оюндун мындай нукта өнүгөрүн күтүшкөн эмес. Ошентсе да бул атаандашыбыздын оюнун бааладык, мыкты ойногон команда экен. Таланттуу футболчулар көп экен".