18-сентябрда Азия чемпиондугунун тандоо турунда "В" тайпасында кыргыз футболчулары Непал өспүрүмдөр курамасы менен ойноп, 4:2 эсебинде утулуп калышты. Бул беттештин алгачкы 45 мүнөттүгү 2:0 эсебинде кыргыз футболчуларынын жеңиши менен аяктаган. Бирок 2-таймда Непалдын футболчулары 4 гол жаратып,
жеңишке жетишти. Өспүрүмдөр курамасынын башкы машыктыруучусу
Самат Сүймалиев мындай дейт:
"Албетте, 1-таймда 2:0 эсебинде уттук. 15 мүнөттүк эс алууга чыкканда оюнчуларга оюн бүтө элек экенин, непалдыктар кийинки таймда катуу ойной турганын айттым. Өзүңүздөр байкагандай, 2-таймда майданда 1 гана команда көрүндү, ал - Непал. Биздин балдар концентрацияны жоготуп алышты. Аларды чарчап калды деп айта албайм. Бул жеңилүү үчүн бардык күйрмандардан кечирим сурайм. Биз Азия чемпиондугуна катышуу укугунан ажырап калдык, биз үчүн баары бүттү. Акыркы турда Иордания менен татыктуу оюн көрсөтүүгө аракет кылабыз".