Бүгүн, 19-сентябрда Бишкекте
Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Эл артисти Эрмек Мойдунов менен коштошуу зыйнаты өтүп жатат. Иш-чарага президенттик аппараттын башчысы
Темир Жумакадыров, маданият, маалымат жана туризм министри
Алтынбек Максүтов, социалдык өнүгүү министри
Кудайберген Базарбаев, саламаттык сактоо министри
Талантбек Батыралиев, маркумдун жакындары, санаалаштары, студенттер катышууда.
Айта кетсек, Эрмек Мойдунов 17-сентябрь күнү жүрөк оорусунан көз жумган.