Ош шаарынын Туран аймактык кеңеши быйыл жылуулук менен толук камсыздалат

Ош шаарындагы Туран аймактык кеңеши быйыл жылуулук менен толук камсыз болот. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев 18-сентябрда аталган аймактын тургундары менен жолугушууда билдирди.

“Алдыда аткара турган жумуштар көп. Шаардыктарды жылуулук менен камсыздоо максатында быйыл республикалык бюджеттен 82,9 миллион сом бөлүндү. Шаардагы көмүр менен иштеген бардык от казандарды толугу менен жаңы от казандарга алмаштырабыз. Мындан тышкары буга чейин жылуулук албаган 137 көп кабаттуу үйгө 13 модулдук от казандар коюлат. Ошондо Туран аймагында жайгашкан үйлөр толугу менен жылуулук алат”,- дейт Кадырбаев.

Жашоочулар тарабынан айтылган көйгөйлөрдү чечүү үчүн тийиштүү жетекчилерге тапшырмалар берилгенин мэриядан билдиришти.

 


 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Mars55
2015-09-19 12:45:56
Озбектер жашаган аймакго
+2
aikokul14
2015-09-19 13:22:00
Mars55, ооба жалан озбектер,чондор биринчи туугандардын оозун жаппаса болбойт,алар баары СДПК ны колдойт,"атабыз"аларга соз бергенда,силерди канаттуга кактырбайм деп.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан