Өлкө башчы
Алмазбек Атамбаевдин кол койгон буйругуна ылайык, президенттин социалдык коргоо жана колдоо фондунан Кыргыз Республикасынын Эл артисти
Эрмек Мойдуновдун үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүү үчүн 100 000 (жүз миң) сом бөлүндү. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.
Учурда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Эрмек Мойдунов менен коштошуу зыйнаты өтүп жатат.
Э.Мойдунов 17-сентябрь күнү жүрөк оорусунан көз жумган.