Бүгүн, 19-сентябрда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Эл артисти Эрмек Мойдуновду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Маркумду акыркы сапарга узатууга президенттик аппараттын башчысы Темир Жумакадыров, вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева, маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов, социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев, саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Сооронбай Жээнбеков жана маркумдун жакындары, санаалаштары, студенттер катышты.
Бийлик өкүлдөрү сөз сүйлөп, Мойдунов өз учурунда кыргыз музыкасына өзүнчө үн берип, жаңычылдыгы менен айырмаланып келгенин баса белгилешти.
Дамира Ниязалиева 1960-1970-жылдары жаштардын көпчүлүгү Мойдуновдун ырларына таасирленип чоңойгонун айтты. "Эне жөнүндө баллада", "Эстелик" деген ырлар мектеп жашындагы балдарга да жакындан тааныш болчу. Бул ырлар керемет ырлар эле. Мойдунов бул сыяктуу бир канча ырлардын багын ачып, элге жеткирди. Кайталангыс талант эле. Мойдунов агабыз бул дүйнөдөн кеткени менен, анын эмгегин биз эч качан унутпайбыз, дайым эл эсинде болот",- деди Ниязалиева.
Жакындары ал бүт өмүрүн жеке керт башы үчүн эмес, өз элине арнаганына токтолушту.
“Мойдунов эрте жетим калып, көп кыйынчылыкты башынан кечирген. Бүт өмүрүн элге арнап, чыгармачылыктын туу чокусуна чыкты. Эми мындай талант кайталанып келбейт”,- дешти жакындары.
Коштошуу зыянаты жыйынтыкталган соң маркумдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилди.
Э.Мойдунов 17-сентябрь күнү жүрөк оорусунан көз жумган. Ал 1944-жылы Ош облусундагы Жапалак айылында төрөлгөн. Эл артисти 1967-жылы "Эне жөнүндө баллада", 1969-жылы "Сары-Челек", 1973-жылы "Күйдүм чок" аттуу ырлары менен таанымал болгон.