Жарандардын биометрикалык маалыматтарын жана добуш берүүчү дарегин өзгөртүү боюнча арыз кабыл алуу улантылууда

Жарандардын биометрикалык маалыматтарын жана добуш берүүчү дарегин өзгөртүү боюнча арыз кабыл алуу улантылууда. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматынан бүгүн, 19-сентябрда SUPER.KG'ге билдиришти. 
Маалым болгондой, өкмөт башчы Темир Сариев бүгүн эртең менен бул тууралуу буйрук чыгарган. 
"Биометрикалык маалыматтарды жана добуш берүүчү дарегин өзгөртүү боюнча арыз кабыл алуу 18-сентябрь күнү саат 18:00дө токтотулган, бирок өкмөт башчы кабыл алууну дагы бир күнгө узартуу боюнча бүгүн эртең менен буйрук чыгарды. Буйрукка ылайык, бүгүн саат 18:00гө чейин бул өнөктүк улантылат",- деди басма сөз кызматынын өкүлү. 
Ал эми бул күнү да арыз берүүгө жетишпей калгандар шайлоого катыша албай турганы айтылды. 
"Бир жылдан ашык убакыттан бери жарандардын биометрикалык маалыматтарын тапшыруусу улантылып келүүдө. Ал эми добуш берүүчү дарегин өзгөртүү боюнча да арыздарды берүү талабы коюлуп келди. Жетишпей калгандар шайлоого катыша албастыгы белгилүү, бирок бул маселеге азырынча так жооп айтуу кыйын, муну өкмөт чечет",- деди басма сөз кызматынын өкүлү. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
saat1200
2015-09-19 19:31:47
тынч отуп кетсе экен ушул шайлоо.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан