Кечээ, 19-сентябрда АКШда жашап, машыгып келген кыргыз мушкери Урмат Рыскелдиев карьерасындагы 7-профессионалдык беттешин өткөрдү. Лос-Анжелес шаарында өткөн бокс кечесинде ал
Усмани Абруну техникалык нокаут менен утуп алды. Бул тууралуу
SUPER.KG порталына мушкердин менеджери
Жаныш Осмон билдирди. Анын айтымында, 4-раундда кубалык мушкер беттешүүнү улантуудан баш тартты.
Кошумчалай кетсек, бул Урматтын профессионалдык рингдеги 7-беттеши. Ал анын 6сын утса, бир беттеште тең чыгуу катталган.