Бүгүн, 20-сентябрда Бишкекте футбол боюнча өспүрүмдөр мелдешинин жыйынтыктоочу оюндары өтүп жатат. Азия чемпиондугунун тандоо турунун алкагында "В" тайпасында жүрүп жаткан тирештин 3-турунда Оман курамасы Непалды 3:1 эсебинде утуп, 3 упайга ээ болду. Бул жеңиш менен омандыктар упай катыштыгында Непал менен теңелишти (экөөндө 6дан упай). 2016-жылы Индияда өтүүчү Азия чемпиондугуна тайпадан 1 команда жолдомо аларын эске алсак, голдордун катыштыгын эсептегенде Оман кийинки баскычка чыкканга баарынан жакындады.
Бүгүн, 20-сентябрда 20:00дө орун алчу Иордания жана Кыргыз Республикасынын курамаларынын оюндары жолдомо талашка таасирин тийгизет. Тактап айтканда, Иорданиянын жолдомо үчүн кармашы дагы да болсо уланууда.
Мелдеш жадыбалы:
ОРУН | КОМАНДА | ОЮН | УПАЙ |
1 | Непал | 3 | 6 |
2 | Оман | 3 | 6 |
3 | Иордания | 2 | 3 |
4 | Кыргыз Республикасы | 2 | 0 |