Бүгүн Бишкекте "Кан басымыңды текшер!" акциясы старт алат

Бүгүн, 21-сентябрда Бишкекте "Кан басымыңды текшер!" акциясы старт алат. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, бул иш-чара Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнүнө карата өткөрүлүүдө. Анын максаты - жарандардын кан басымына байланыштуу оорулардын алдын алууга көңүл буруу. "Көптөгөн адамдардын кан басымы жогору. Алар гипертония менен оорушат, бирок муну билишпейт, анткени бул илдет белгиси жок өтөт. Гипертониянын негизги белгилери булар: баш оору, чарчоо, ден соолуктун аба ырайынын өзгөрүшүнөн көз карандуулугу",- дешет уюштуруучулар.

Айта кетсек, 25-сентябрга чейин Бишкектеги бардык Үй-бүлөлүк медициналык борборлорунда Ачык эшиктер күнү өткөрүлөт. Мындан тышкары жарандар кан басымын соода борборлорунда жана супермаркеттерде текшере алышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан