Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" жана "Эркеч-Там" өткөрүү пункттары 24-сентябрдан 28-сентябрга чейин жабылат. Мамлекеттик чек ара кызматынын билдиришинче, мындай сунушту кытай тарап Курман айт жана Кытайдын улуттук "Күз ортосу" майрамына байланыштуу киргизди. Аталган пункттардан автоунаалар 29-сентябрдан тарта өткөрүлө баштайт.
Эскерте кетсек, Курман айт майрамы быйыл 24-сентябрда белгиленет. Бул күнү жылдагыдай Бишкекте жана облус борборлорунда массалык мүнөздө Айт намазы окулат.