Эртең, 22-сентябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаарынын бир катар райондорунда муздак суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, "Бишкек суу-канал" башкармалыгы оңдоо иштерине байланыштуу Достоевский көчөсү, М.Горький көчөсү, Ауэзов көчөсү жана темир жол линиясы менен чектелген төмөнкү объекттерде суу берүүнү өчүрөт:
Алтын-Ордо жана Кара-Жыгач жаңы конуштары;
Кыргыз-Түрк университети;
№18-лицей;
"Жоодары" кондоминиуму;
"СЭМ" компаниясы;
№7-өрт өчүрүү бөлүмү;
"Ак-Жолтой" ишканасы;
"Аман-Жол" ишканасы;
№93-кесиптик-техникалык окуу жайы;
"Кыргызэнергоремонт" ишканасы;
"Алтын-Ажыдаар" ишканасы;
"Завод Сверл" ишканасы;
Физиология институту;
Унаа чогултуучу завод;
Республикалык МАИ;
"Антибиотики" ишканасы;
"Даана" окуу борбору;
"Аструм-Берекет" ишканасы;
"Реемстма" ишканасы;
"Инхотек" ишканасы;
Байпак фабрикасы (мурдагы "Аяз Групп");
"Экзотика" шаардык муз аянтчасы;
"Инхотек" ишканасы.
"Бишкек суу-канал" башкармалыгы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн тургундардан кечирим сурап, таза суу менен алдын ала камсыз болууну сунуш кылат.