Машыктыруучу Канатбек Бегалиев: "Балбандарыбыз менен Олимпиадага дагы 2-3 жолдомо алууну пландап жатабыз"

Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Канатбек Бегалиев улуттук курам Олимпиада оюндарына дагы 2-3 медаль алууну пландап жатканын билдирди. Анын айтымында, учурда бул үчүн тиешелүү даярдыктар көрүлүүдө. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жакында Америкада өткөн Дүйнө чемпиондугунда улуттук курам алдынкы 8 команданын ичине кирген. "Биз көптөгөн дөө-шааларды артка калтырдык. 8-орун биздин команданын 2016-жылы Иранда өтө турган Дүйнө кубогуна жана башка бир катар ири мелдештерге катышууга укук берет",- дейт
К.Бегалиев.

Кошумчалай кетсек, Олимпиадага дагы 3 мелдеште жолдомо ойнотулат.

Алар:

- 2016-жылы 18-20-март аралыгында Казакстанда Азия биринчилиги өтөт. Бул мелдеште алдынкы 2 орунду ээлеген балбандар жолдомо алышат.

- 2016-жылы 22-24-апрель аралыгында Монголияда эл аралык мелдеш өтөт.

- 6-8-май аралыгында Түркияда эл аралык мелдеш болот.

Монголияда өз салмактарында алдынкы үчтүккө кирген балбандарга жолдомо берилсе, Түркияда финалга чыккан экиден балбан гана Олимпиадага катышуу укугун алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Mars55
2015-09-21 16:10:57
куч кубат кыргыз балбандарга
0
Ersu
2015-09-21 20:47:58
Канат Бегалиев олимпиадан алтын алмайымча спорттон кетпейм деп соз бербеди беле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан