Баку шаарында жакында КМШга мүчө мамлекеттердин Бажы кызматтарына караштуу кинология түзүмдөрүнүн ортосунда эл аралык мелдеш өттү. 21-сентябрда Бажы кызматынын билдиришинче, мелдешке кыргыз тараптан "Түштүк" оперативдүү бажысынын инструктор-кинологу Марс Эсенгулов катышып, мыкты жетишкендикти багынтты. Кинолог Орион аттуу ити менен "Имараттан баңгизат издөө" номинациясы боюнча 1-орунду алганы айтылат маалыматта.