Өкмөт жооп берет: Социалдык кызматкерлер жөлөк пул алуучулардын малын текшеришкени туурабы?

Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда "Суперстандагы" "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.

Суроо: - Менин кошунамдын 1 уул, 2 кызы бар. Жөлөк пул алуу үчүн документтерин чогултуп жаткан. Анын үйүндөгү эмеректерди (стенка, диван) көргөн социалдык кызматкерлер “Сен муну кайдан, кантип алдың?" деп документтерин кабыл албай жатышат. Анысы аз келгенсип короодогу малдарын дагы текшерип калышты дешет. Ушул көрүнүш туурабы?

Жооп: - Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 29-декабрындагы “Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” №318-мыйзамына ылайык, балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөк пул үй-бүлөнүн кирешесине жараша чектелет. Башкача айтканда, аз камсыз болгон үй-бүлөдө жашаган ар бир жан башына кепилденген эң төмөнкү кирешенин 810 сом өлчөмүнөн ашпаган шартта, туруктуу каттоосу боюнча дайындалат.

Үй-бүлөдө бир жана андан ашык аталыштагы узак пайдаланылуучу иш абалында турган товарлар бар болгон учурда үй-бүлө балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн ай сайын берилүүчү жөлөк пулун алууга укугу болбойт.

Узак пайдаланылуучу товарларга төмөнкүлөр кирет:

- жеңил унаа;

- айыл чарба техникасы (трактор, комбайн);

- жүк ташуучу унаа.

Үй-бүлөнүн жан башына туура келүүчү орточо жалпы кирешеси үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө үй-бүлөнүн кепилденген эң төмөнкү кирешесинен ашып кеткен төмөнкү учурларда жөлөк пул дайындалбайт:

а) эгерде үй-бүлө 1-9 мүчөдөн турса, үй чарбасында 3 жана андан ашык бодо малы болсо (кунажын, бука, 1 жаштан өткөн өгүз, же 2 жана андан ашык жылкысы) же 25 жана андан ашык майда жандыктары (кой жана эчки) болгон учурда;

б) эгерде үй-бүлө 10 жана андан ашык мүчөдөн турса, чарбасында бодо малы (4 жана андан ашык ую, 3 жана андан ашык кунаажын, бука, 1 жаштан өткөн өгүз же 3 жана андан ашык жылкысы) же 35 жана андан ашык майда жандыктары (кой жана эчки) болгон учурда.

Суроого Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министри К.Базарбаевге шилтеме берип мекеменин басма сөз кызматы жооп берди.

Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nur.88
2015-09-22 18:29:07
Мен да суроо берейин дегем кайсы болумго жазсам болот
0
admin_portal
2015-09-23 10:58:15
Nur.88, саламатсызбы!
Төмөндөгү шилтеме менен өтүп, тиешелүү бөлүмгө сурооңузду калтырсаңыз болот: http://www.super.kg/superstan/index.php?showforum=81
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан