Ош облусунун казысы дин кызматкерлерин саясий маселелерден оолак болууга чакырды

Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу облустагы бардык дин кызматкерлерин саясий маселелерден оолак болууга чакырды. Бул тууралуу бүгүн, 22-сентябрда Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы билдирди. Белгилүү болгондой, мындай иш-аракет Мусулмандар дин башкармалыгы тарабынан чыгарылган буйрукка байланыштуу болду.

Муфтияттын буйругуна ылайык, райондук, айылдык мечиттерде жана мечиттерге тиешелүү аянттарда, саясий шайлоого, саясий партияларга байланыштуу үгүттөө иш-чараларына аралашууга, жыйындарды, массалык жолугушууларды өткөрүүгө, жума жана башка намаздарда мечиттин микрофону аркылуу шайлоо тууралуу үгүттөө иштерин жүргүзүүгө жол бербөө бардык мечит имамдарына жана расмий дин кызматкерлерине эскертилди.

Облус казысы алдыда келе жаткан мусулмандардын Курман айт майрамында кандайдыр бир саясий максатты көздөп курмандык союп таратуу туура эмес экендигин белгилеп, Курман айтта эч кандай үгүт иштерин жүргүзбөстөн, жөнөкөй жаран катары курмандык чалып, кедей-кембагалга таратып коюу туура экендигин белгиледи”,- делет маалыматта.

Эскерте кетсек, муфтият тарабынан КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо иштерине байланыштуу, өлкөдө бекем биримдик жана ынтымактын болуусун камсыздоо, ар түрдүү терс көрүнүштөрдөн оолак болуу максатында диний кызматкерлердин саясатка аралашпоосу жөнүндө атайын буйругу чыгарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Nusii
2015-09-22 17:21:23
Кошулам!
+5
1982bek
2015-09-23 02:05:33
Эн туура,саясаттан оолак эле болгону жакшы!
+1
potriot.kg
2015-09-23 08:45:43
кошулбайм.. себеби шариятта мамлекетти кантип башкарыш керек.. ким башкарыш керек. бардыгы от и до жазылган.. егер бир партия шарияттын негизинде жана каада салтка такалып саясат жургузом десе неге ошону колдойлу деп айтпашы керек дин кызматкерлери.? бул сдпкнын еле буйругу.. мугалим жана медиктерге только сдпканы шайлайсынар деп буйрук берип жатат. ал еми дин кызматкерлерине буйрук бере албайт ошого еле саясатка аралашпагыла деп жатышат.. бизде демократия дин кызматкерлери оз ойлорун айтышк
0
potriot.kg
2015-09-23 08:48:39
айтышка укугу бар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан